• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Коопсуз шаардан" түшкөн айып пул кантип бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн эсептелген айыппулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Финансы министрлигинде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараттык-программалык комплекс (АПК) аркылуу аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды топтоо боюнча администрациялануучу эсеби ачылды.

Администрациялануучу эсепке каражаттар жол эрежелерин бузуулар үчүн иш жүзүндө төлөнгөн айыппулдардан келиптүшөт. Түшкөн каражаттарды каттоо автоматтык режимде «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылат.

Финансы министрлиги тиешелүү финансы каражаттарын төмөнкүлөргө биринчи кезектебөлүүнү ишке ашырат:

– сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, жалданма компаниялар менен төлөнгөн айыппулдарүчүн эсептешүүгө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, ошондой эле техникалык операторлорго техникалык коштоо жана «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун колдоосу үчүн;

– КР ИИМ ЖКККББга токтомдорду унаа каражаттарынын ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына.

Жогоруда белгиленген финансы каражаттары бөлүштүрүлгөндөн кийин, калган айыппулдар суммасы төмөнкүдөйбөлүштүрүлөт:

– 5% ‒ Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – маалыматтарды иштеп чыгуу резервдик борборун түзүү, жаңылоо жана камсыз кылууга;

– 15% ‒ КР ИИМ ЖКККББга Мониторинг борборун күнүмдүк камсыз кылуу жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү,жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноону жакшыртуу жана АПК аркылуу аныкталган унаа каражаттарын колдонуу үчүн.

Андан соң акча каражаттары жол инфраструктурасынын элементтерин тийиштүү абалга келтирүүгө байланыштуучыгымдар үчүн унаа жолдорунун балансын кармоочулар ортосунда бөлүштүрүлөт:

– же 25% – өз алдынча башкаруу органдарына;

– же 5% Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине.

Түшкөн каражаттардын, анын ичинде көчмө АПК менен аныктоодон жыйналган каражаттардын калдыгы КР республикалык бюджет жөнүндө мыйзамында тиешелүү жылга карата белгиленген жана КыргызРеспубликасынын өкмөтүнүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу чечимине ылайык бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий