• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин аялдамалар жууп-тазаланды.

Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинде Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин аялдамалар жуулду.

Мындан тышкары, Манас проспектисин бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Ормон хандын эстелигине чейин (Ажыбек баатыр көчөсү) жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Жууп-тазалоо иштери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий