• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Атада заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн салтанатуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, KOICAнын өлкө боюнча директору Ли Джонгсу, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулар катышты.

1968-жылы курулуп, эскилиги жеткен ӨККБнын ордуна бардык шарты бар жаңы имарат бир жыл ичинде курулуп бүткөн. Эки кабаттан турган өрткө каршы-куткаруу бөлүк өлкөгө алынган жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын жакшы шартта сакталышына ылайыкталып, зарыл болгон бардык талаптар эске алынган.

Имараттын ичинде куткаруучулардын ыкчам иштөөсү үчүн компьютердик жабдуулар, эс алууга ыңгайлуу керебет, матрацтар, ашкана, жуунучу жай, ошондой эле өмүр сакчыларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатып, ден соолугун чыңдоого ылайыкталган спорт залы да бар. Ошондой эле жаңы авариялык-куткаруу унаасы атайы шаймандары менен алынган.

Белгилей кетсек, Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен мындай өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн курулушу, дагы Ош, Бишкек шаарында жана Сузакта жүрүүдө. Жалпы 4 заманбап ӨККБнын имаратын куруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана KOICA - Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун алкагында ишке ашып отурат.

Салтанаттуу ачылыш аземдин соңунда жаңы салынган өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн короосуна бекем достуктун жана тыгыз кызматташуунун символу катары көчөттөр отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий