• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Кытайдын мурдагы премьери Ли Кэцяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпинге КЭРдин Мамлекеттик Кеңешинин мурдагы Премьери Ли Кэцяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

"Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин экс-Премьери Ли Кэцяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Ли Кэцян мырза татыктуу өмүр жолун басып өттү жана өзүнүн талыкпаган эмгеги менен Кытай Эл Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошту.

Ал жогорку мамлекеттик кызматтарда турган мезгилде кыргыз-кытай достук кызматташтыгын бекемдөөгө абдан зор эмгек сиңирген.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөм",- деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий