• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларды курууга ылайыкташкан жерлер трансформацияланышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларды куруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана өлкө аймактарындагы энергетиктер видео-конференц-байланыш режиминде катышты.

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жылытуу мезгилинен жеңил чыгуу үчүн кубаттуулугу 500 кВ электр берүү чубагыларынан тартып 0,4 кВ чейинки чубалгыларды, ошондой эле республикадагы бардык энергетикалык объектилерде ремонт иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, быйылкы план боюнча төмөнкү жана жогорку чыңалуудагы 46 908,15 чакырымды түзгөн электр чубалгылары, ошондой эле кубаттуулугу 35-500 кВ түзгөн 718 даана подстанция, кубаттуулугу 0,4-0,6-10 кВ түзгөн 19 870 даана көмөкчордон капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Отурумдун күн тартибинде президенттин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы дагы каралды. Бакыт Төрөбаев кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларды куруу үчүн жарактуу жерлерди трансформациялоо иштерине тиешелүү бардык мамлекеттик органдарга далилдүү тапшырмалар берилгенин билдирди.

“Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Энергетика, Айыл чарба, Жаратылыш ресурстары министрликтерине, Жашыл энергетика фондуна, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына далилдүү тапшырмалар берилген. Ишкерлердин жер маселеси чечилбей, мамлекеттик органдардын ортосунда чайналып жүргөнү болбосун”, – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Жашыл энергетика фондунун кармагына кичи ГЭС, күн жана шамал электр станцияларын курууга үч жер трансформацияланып өткөрүлгөнү белгилүү болду. Алар Кочкор жана Айтматов райондорунан жалпы 34,54 га жер.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 88 кичи ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталган. Быйыл жаңы кошумча республика боюнча 137,5 мегаватт кубаттуулуктагы кичи ГЭСтер ишке берилет.

Мындан тышкары, энергетика министрине ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн президенттин “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгы каралды.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип жатат. Ушул жумада Жарлыкты ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынат” – деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий