• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Быйыл Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 2 млрд сом бөлүнөт

Аймак 0

ишкек, 22.02.23. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2022-жылы мэрия тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу отчет берип жатып билдирди.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мэр сунушталган долбоорлорду тааныштырып, элге кенен маалымат берди.

Ошондой эле калаа башчысы жарандарды тазалык маселесине олуттуу көңүл бурууга чакырып, бул багыттар аткарылып жаткан иштерге да токтолду.

Белгилей кетсек, күн мурун, 21-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2022-жылы мэрия тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу отчёт берди.

Жыйында Жалал-Абад шаарында жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен курулган курулуштар, тартылган инвестициялар, аткарылган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу сөз болду.

Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий