• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Баткен облусунда 4 ай ичинде өрттүн саны 7,5 пайызга азайган

Аймак 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4 ай ичинде Баткен облусу боюнча 49 өрт кырсыгы катталып, (2019-жыл 53) өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 7,5 % га азайган, ал эми материалдык чыгымдардын суммасы 43,8 % га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1 адам каза таап, (2019-жылы каза тапкандар болгон эмес). Жабыркагандар жок (2019-жылы 2 адам). Өрттөн 15 млн 134 миң сом материалдык баалуулуктар сакталып калган. (2019-жылы 8 млн 264 миң). Катталган өрттүн чыгымдары 2 млн 422063 сомду түзгөн. 24 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 48 %ын түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- Электр жабдууларын куроодо эрежени бузуудан - 26%
- Электр жабдууларын техникалык колдонуудагы
этиятсыздыктан – 8,1 %
- Мештерди туура эмес орнотуудан 4,0 %
- Жаш балдардын от менен ойноосунан 6,1 %
- Отко этиятсыз мамиле жасоодон – 24,4 %
- Өрт коопсуздук эрежесин бузуудан – 6,1%

Катталган өрт кырсыктарынын саны төмөнкүчө бөлүнөт:

- Баткен шаары жана Баткен районунда 10;
- Лейлек районунда 12;
- Кадамжай районунда 18;
- Кызыл Кыя шаарында 9 өрт катталган.

Өрттүн чыгуусун алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл:

• балдарды кароосуз калтырбаңыз, балдардан ширенкелерди катып салыңыз;
•тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз;
• электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз;
• имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз;
• ачык күйгөн от менен жылытпаңыз;
• күйүп турган газ плитасынын үстүнө кургатууга кир жайбаңыз,
•бузук электр тармактарын пайдаланбаңыз;
• чатырларда, жер төлөлөрдө жана тепкич аянтчаларында күйүүчү материалдарды сактабаңыз;
• газ шаймандарын (плиталарын, суу жылытуучу колонкаларды) түнкүгө же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз;
• жашы жете элек балдардын газ жана электр, шаймандарын колдонуусуна жол бербеңиз;
• өрт кооптулугу бар суюктуктар жана заттар менен, иштөө учурунда этият болуңуз.

Пикир

Оставить комментарий