• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аскаров: “Көк-Арт дарыясынын жээгинен кум-шагылдарды ирээтсиз алууга жол бербөө керек”

Аймак 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Көк-Арт дарыясынын жээгинен кум-шагылдарды ирээтсиз алууга жол бербөө керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Жалал-Абад облусундагы иш-сапарынын алкагында билдирди.

ӨКМ башчысы Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон участкасындагы Көк-Арт дарыясынын нугу жеп жаткан табигый сол жээгине кошумча тосмо куруу жумуштарын жүргүзүү тууралуу маселени тиешелүү башкармалыктын жетекчиси жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен талкуулап жатып, дарыянын жээгинен жеке ишкерлер кум-шагыл алууда алгач ӨКМден тиешелүү эскертмени алып, иш алып баруусу керек, деп баса белгиледи.
Себеп дегенде, буга чейин министрлик тарабынан жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүп, коргоочу тасмалар курулуп келсе, айрым жеке ишмерлердин кум-шагылды ирээтсиз казып, ташуу иштерин жүргүзгөнгө байланыштуу, коргоочу тосмолор жараксыз абалга келип, жасалган аракеттер жокко чыгарылган учурлар катталган. Суу ташкындаган учурда дарыяга жакын жайгашкан турак-жайларды суу каптоо коркунучу күч алышы мүмкүн. Министр КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абулнасир Закировго бул маселе боюнча иш алып баруусун тапшырды.

«Эгерде кум-шагылдарды казып алуу менен алектенген жарандар сиздин талапты аткарбаса, тишелүү органдарга кайрылгыла. Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн карапайым эл чыгымга дуушар болбосун», -деди министр.

Алгач министр иш-сапарын КР ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын өздүк курамы жана имараты менен таанышудан баштаган. Андан соң Жалал-Абад-Благовещенка көпүрөсүнүн төмөн тарабында Көк-Арт дарыясынын агымын басаңдатуу үчүн курулуп жаткан № 2 жана № 3 тосмолорду жеринен көрүп чыкты. Иш-сапардын алкагында министр бир катар тилкелерди текшерип, маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөбүздөгү кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курам жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн аймактарда иш-сапарда жүрөт. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий