• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон өспүрүм төрт күндөн бери табыла элек

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда дайынсыз жоголгон өспүрүм төрт күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-мартта “112” кызматына Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылында 14 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ал күндөн бери баланы издөө иштери уланууда.

“Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында 15 куткаруучу, беш милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий