• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна бизнес борбор курулат — эскиз

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна бизнес борборун куруу пландалууда.

“Кабар” агенттигине долбоордун менеджери Нурбек Болатбеков билдиргендей, мэрия “Шаако” фирмасына жерди 5 жылдык мөөнөткө ижарага берди.

“Фирма эскиздик долбоор боюнча сынак өткөрдү. Сынакты “Рыско” ЖЧКсы “Центр Модулор” ЖЧКсы менен биргеликте жеңип алды. Мурдагы Башкы прокуратуранын ордунда 20 миң чарчы метрден ашык аянтка заманбап административдик комплекс куруу пландалууда. Бизнес борбор 25 кабаттан жогору болуп, анда кеңселер жана коммерциялык объектилер жайгаштырылат”, - деди ал.

Болатбеков эскиздик долбоордун документи жакын арада “Бишкек башкы архитектуранын” кароосуна жиберилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий