• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде контрабандалык кондитердик азыктарды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Аймак 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Баткенде контрабандалык кондитердик азыктарды алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум айылында У.К. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген.

Текшерүү учурунда унаадан кондитердик азыктар табылган. Товардын жалпы салмагы 2000 кг түзгөн. Ошол эле учурда бажылык тариздөөнү тастыктаган жүккө таандык эч кандай документтери болгон эмес.

Факт боюнча чогултулган материалдар "Баткен" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Пикир

Оставить комментарий