• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Майлуу-Суу: Мектептерде милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарындагы мектептерде милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

"2020-2021-окуу жылы башталып, Майлуу-Суу шаарында 1-класстын окуучулары мектеп босогосун аттады. Буга байланыштуу 7-8-сентябрь күндөрүнө пландалган «Салам мектеп» иш-чарасы шаардык милиция тарабынан өткөрүлүүдө. Билим уясына жаңыдан баш багып жаткан окуучулар менен милиция кызматкерлери жолугушуп, көчөдө өздөрүн кантип алып жүрүү керектигин түшүндүрүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пандемия шартына байланыштуу коронавирус илдетинин алдын алуу жана андан сактануу жолдору жеткирилип, окуучуларга ар дайым жанына антисептикалык каражаттарды алып жүрүү зарылды айтылууда. Ошондой эле иш-чарада мектептер тарабынан карантиндик талаптардын так сакталуусу, коопсуздугу, видео көзөмөлдөрдүн жана жеке күзөтчүлөрдүн иштери текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий