• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы муниципалдык менчик башкармалык санариптешет

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20./Кабар/. Күн мурун, 7-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын электрондук форматка өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаар куруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана муниципалдык менчик башкармалыгынын эмгек жааматы катышты, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, жыйында президенттин “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо” жылынын алкагында муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү багытында сөз болуп, ишке ашыруучу программанын презентациясы болуп өттү.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы үч тараптуу келишим түзүп иш алып барууда, электрондук иш жүргүзүү аракеттери октябрь айынын акырына чейин бүтөт.

Үч тараптуу келишимде “Инфа система” атайын мекемеси программа түзөт, санариптик ишмердүүлүктүн каражатын “Интер билим” эл аралык организациясынын Оштогу филиалы бөлүп берет. Ал эми маалыматтардын толук кандуу жайгашуусуна муниципалдык менчик башкармалыгы милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий