• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйылкы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. 2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.

"Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын "РСК банкынын" иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек", - деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын эскертишти.

"Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Толук маалымат алуу үчүн: 0778 48 61 67, 0558/0708 48-61-67, тел/факс: 0312 48-61-67, электрондук дарек: muftiyat.hajj@mail.ru

Пикир

Оставить комментарий