• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Төртүнчү жыл сайын өтүүчү «Заманбап» фестивалынын жарым финалисттери тандалды

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Төртүнчү жыл сайын өтүүчү «Заманбап» фестивалынын жарым финалисттери тандалды, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары Ички иштер министрлиги, Эл аралык «Толеранттуулук үчүн» фонду жана «Saferworld» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан «Кыргыз Республикасында милициянын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана калктын социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоору ишке ашырылып келет.

Долбоордун негизги максаты - калктын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүү, республикалык жана жергиликтүү деңгээлде милиция менен республиканын калкынын социалдык өнөктөштүгүн калыптандыруу.

Долбоордун маанилүү компоненти жаштар жана аялдар менен иштөө, жаштар арасында укук бузуулардын алдын алууда инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү.

Долбоордун алкагында жыл сайын өтүүчү «Заманбап» жаштар фестивалы ийгиликтүү өтүүдө. Фестивалды өткөрүүдө жаш муундарды чыгармачылык менен алектенүүгө, маданий тарбиялоого багыттоого, алардын күчүн оң багытка бурууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул албетте жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга чоң салым кошот.

2021-жылдын күз мезгилинде төртүнчү «Заманбап» фестивалынын биринчи этабы башталды. 2021-жылдын 10-ноябрында жарым финалчыларды тандоо болуп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген 123 улан жана кыздар төрт сынактык номинацияда – ыр, заманбап бий, граффити, видеоклип боюнча ат салышат.

Калыстар тобуна белгилүү чыгармачыл инсандар – Чолпон Талипбек, Бегиш, Чубак Канатбек уулу, Асан Кубанычбек уулу, Айткан Инамбетова, Шерзод Мухидинов, ИИМдин Жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрү, Эл аралык «Толеранттуулук үчүн» фондунун, «Saferworld» уюмунун өкүлдөрү катышып, бардык түшкөн арыздарды баалашты. Квалификациялык турдан өткөн жана эң көп упай топтогон катышуучулар 2021-жылдын 30-ноябрында калыстар тобунун мастер-классына чакырылып, алар кийинки этапка тапшырмаларын алышты.

Долбоордун маанилүү бөлүгү - жаштар жана аялдар менен иштөө, жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө инновациялык мамилелерди өнүктүрүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий