• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Путин Кыргызстанда орус тилине кам көрүлүп жатканын белгиледи

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда орус тилине кам көрүлүп жатканын белгиледи.

Россия президентинин мамлекеттик сапарынын алкагындагы VIII кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференциясында Путин, Кыргызстанда орус тилине расмий макамы берилгенин белгиледи.

"Ал биздин ишибизге айрыкча шарттары түзүп жатат. Айтмакчы, анын гуманитардык тармактагы иштерде оң жактары бар", - деди ал.

Андан тышкары, Путин кыргыз экономикасы алдыга өнүгүп жатканын да кошумчалады.

"Кыргызстанда кызматташуу жана инвестициялык ишмердик үчүн жакшы жана туруктуу шарттар түзүлүп жатканын айтып кетейин. Бул бизнес өкүлдөрү үчүн жана өзүңдү ишенимдүү сезүү үчүн маанилүү. Эки тараптагы кесиптештер муну пайдаланып, Кыргызстан үчүн жакшы жыйынтык болоруна үмүт артам". - деди Россиянын мамлекет башчысы.

Ал эми, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков россиялык тарапты катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип өттү. Ал, Россиянын президентине кайрылып, анын катыштыгы менен эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыгып жатканын айтты.

"Сиз бизди жана биздин демилгелерди колдоп келесиз. Кыргызстан Россия үчүн ишенимдүү шерик жана стратегиялык өнөктөш болуп кала берет. Екатеринбургда өтө турган аймактар аралык конференцияга чакырганыңызга рахмат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий