• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Жыгач жана Алтын-Ордо конушунун тургундары үчүн жаңы сейил бак ачылат - фото

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кара-Жыгач жана Алтын-Ордо конушунун тургундары үчүн жаңы сейил бак ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Ал сейил бак Анкара (мурдагы Горький) менен Виноградный көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Мэрия билдиргендей, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы ал жердеги иштерин баштаган. Жаңы сейил бактын аянты 15 миң чарчы метрди түзөт.

"Ал бакта чакан архитектуралык формадагы скульптуралар коюлат. Гүл, бадал, жазы жалбырактуу бактарды отургузуу пландалууда. Жакында бул жерге жакын жайгашкан Кара-Жыгач жана Алтын-Ордо 1-2 конуштарынын тургундарына эс алууга жакшы шарт түзүлөт.", - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, бул жылы мэрия жалпы жонунан 9 сейил бакты жана эс алуу жерлерин, 2 бульварды жайланыштырып, жашылдандырмакчы.

Пикир

Оставить комментарий