• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Аравандагы жер махинациясына байланыштуу дагы эки адам кармалды

Коом 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Аравандагы жер махинациясына байланыштуу дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Араван районунун кызматтык жана жооптуу мамлекеттик мекемелерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул иш боюнча 2023-жылдын 17-майында Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.А. кармалып, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке алынган жер тилкесинин баасы 7,7 млн сомду түзөрү аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 5-июнда Араван филиалынын "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери И.А.Х. жана Ж.П.Ю. кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий