• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бишкекжашылчарба” бак-дарактар ​​кулаган учурда кайда кайрылуу керектигин эскертти

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы бак-дарактар ​​кулаган учурда кайда кайрылуу керектигин эскертти.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачын күтүлүүдө. Өз кезегинде, бак-дарактар калың жааган карды көтөрө албай калышы мүмкүн.

"Мындан улам унааңыздарды бак-дарактардын астына (түбүнө) токтотпоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ишкананын жумушчу бригадалары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бак-дарактар жана бутактар кулап калган учурда төмөнкү телефондорго чалыңыздар: 0504210600, 37-53-30

Пикир

Оставить комментарий