• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төө-Ашуунун жолдору кардан тазаланып, инерттик материалдар чачылууда

Аймак 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 9-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 80-чакырымынан баштап 209-чакырымына чейинки бөлүгүндө жумуштар жүрдү.

“Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий