• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСКнын төрагасы студенттерге салык системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

"Салык кызматынын санариптештирүүгө карай багыты" деген темада уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө төрага салыктык башкаруу жана салык системасын санариптештирүү чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер жана реформалар жөнүндө айтып берди.

А.Абдувапов салык системасына инновациялык ыкмаларды жана санариптик чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын пикири боюнча бул өзгөртүүлөр салыктык башкарууну жакшыртууга, калктын электрондук жана сервистик салык кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле бизнести көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берди. Салык кызматынын аракеттеринин эң маанилүү натыйжасы катары акыркы жылдардагы салык жыйноонун бир нече эсеге көбөйүшү эсептелет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы студенттерге салык кызматына кирүү жол-жобосу, ошондой эле кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстарга катышуу тартиби жөнүндө маалымат берди.

Салык кызматынын төрагасы белгилегендей, Салык кызматынын кадрдык курамы акыркы жылдары жаш адистер менен толукталып, маалыматтык технология, анын ичинде салыктык башкаруу жаатында өздөрүнүн дараметин көрсөткөн жаш жана креативдүү адистер иштеп жатышат.

Ал студенттерди экономиканы, салык мыйзамдарын жана маалыматтык технологиялардын көндүмдөрүн активдүү өздөштүрүүгө чакырып, келечекте Салык кызматында иштөө үчүн жогорку квалификациялуу адистердин келүүсү маанилүү экендигин белгиледи.

"Бүтүрүүчүлөрдү Салык кызматында өз карьерасын баштоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга жана өлкөнүн салык системасын өнүктүрүүгө өз салымын кошууга чакырам", – деди А.Абдувапов.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер Кыргызстандын салык мыйзамдарындагы жана салык саясатындагы жаңылыктарга байланыштуу суроолоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы калк жана жаштар арасында салык маданиятын жогорулатуу боюнча иш-чараларды, анын ичинде ачык эшиктер күнүн, викторина сынактарын, лекцияларды, семинарларды, видеосабактарды жана студенттер үчүн такшалмаларды жигердүү өткөрүүнү улантууда.

Салык кызматынын жетекчилигинин студенттер менен болгон ушундай эле жолугушуулары башка жогорку окуу жайларында да пландалган.

Пикир

Оставить комментарий