• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков эки атаандашын утуп, чейрек финалга өттү

Спорт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына өттү.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Кыргыз балбаны биринчи атаандашы литвалык Юстас Петравичусту 10:2 эсебинде жеңди, андан соң Шаршенбеков грузиялык Придон Абуладзеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 45 секунддун ичинде 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз балбандары Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына лицнзия уткан. Дүйнө чемпионатында Медет кызы күмүш медаль багындарса, Тыныбекова алтын байгеге ээ болду. Ал эми Акжол Махмудов бүгүн финалда азербайжандык балбан менен алтын үчүн күрөшмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий