• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дипломатиялык кадрларды даярдоо жаатында Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору А. Яковенко менен жолугушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, дипломатиялык кадрларды даярдоо жана Кыргызстан менен Россиянын билим берүү мекемелеринин профессордук-окутуучулук курамынын квалификациясын жогорулатуу жаатында эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.

Эл аралык адистерди дүйнө элдеринин маданияттарынын жана каада-салттарынын ар түрдүүлүгү менен тааныштыруу, ошондой эле дипломатиялык тажрыйба менен бөлүшүү башкы максаты болуп саналган келечектеги дипломаттарды даярдоо программасынын алкагында, Кыргызстандын элчиси университеттин студенттери менен жолугушуп, кыргыз элинин маданияты, каада-салты жана үрп-адаттары жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле элчиликтен кошумчалашкандай, «Эл аралык адеп жана маданият музейине» барып, музейдин фондуна улуттук сувенирлерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий