• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сузак районунда курулуп жаткан чакан ГЭСтин курулуш иштери аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Сузактык жеке ишкер үч айылды электр энергия менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС куруп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал тилкесиндеги чакан ГЭСтин курулуш жумуштары өткөн жылы башталып, азыркы учурда дээрлик 90 пайызга жакыны аяктап калды. Анын кубаттуулугу саатына 2400 кВтка чейин жетет.

Бүгүн КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев ГЭСтеги курулуш жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Акыркы жылдары Кыргызстанда суу таңкыстыгы пайда болуп, чакан ГЭСтерди куруу муктаждыгы жаралган. Мындан улам облус аймагында чакан ГЭС куруу аракеттери колго алынып, учурда Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда курулуш иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 23 чакан ГЭС куруу долбоору даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий