• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Иран соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Кыргызстан жана Иран соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин Ирандын элчиси Саид Харази менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Аталган уюмдун маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү учурда 80 миллион долларга жакын, бирок эки тарап тең бул көрсөткүчтү жогорулатууну каалашарын билдиришти.

Темир Сариев жолугушуунун жүрүшүндө соода жүгүртүүнүн өсүү темпин арттыруу жана андан ары өнүгүү жолдорун издөө зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Иран элчиси ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы көпүрө катары эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Темир Сариевди мындан ары кызматташууну арттыруу үчүн Иранга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий