• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2024-жылы Жаратылыш министрлигинин чыгымдарына 2 млрд сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. 2024-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин чыгымы 2,03 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач 1,03 млрд сом суммасында каражат каралып, ага кошумча геологиялык чалгындоо иштерине 1 млрд сом бөлүп берүү пландалууда. Ошентип, 2024-жылы министрликтин жалпы чыгымы 2,03 млрд сомду түзөт.

2023-жылдын такталган бюджети 1 млрд 200,2 млн сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 265,4 млн сомго ашык бөлүнгөн. 2023-жылдын жыйынтыгы менен 1 млрд 23,9 млн сом өздөштүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий