• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 26-февралда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт, Спутник кичирайондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Жалал-Абад шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий