• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында алгачкы электробустар сыноо иретинде каттамга чыкты

Аймак 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 5 электробус сыноо иретинде жарандарга кызмат көрсөтүүдө.

Мэриянын муниципалдык автобазасынан билдиришкендей, шаарга 118,5 млн сомго жаңы Shuchi үлгүсүндөгү 10 электробус кубаттагычы менен сатып алынган. Каражаттын 100 млн сому республикалык бюджеттен болсо, калган каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Учурда электробустардын бешөө келип, сыноодон өтүп жатат. Ал эми калган 5 электробус жакынкы күндөрү келет.

Аталган электробустар 26 орунга ылайыкташып, бир кубаттоо менен 250 чакырымга чейин жүрө алат.

Пикир

Оставить комментарий