• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн саат 06:49да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында - Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 07:28де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында - Бедел айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүктө жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий