• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда өрт кырсыгынан бир адам күйүк алган

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда Марказ айылында өрт кырсыгы катталып, бир адам 3-даражадагы күйүк алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Марказ айылынын Масалиев көчөсүндө жалпы аянты 48 чарчы метр 3 бөлмөлүү турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси 1984-жылы туулган М.М. аттуу аял киши эки колунан жана жүзүнөн 3-даражадагы күйүк алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмунө жаткырылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий