• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда өрт толугу менен өчүрүлдү, жабыркагандар жана каза болгондор жок

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Аламүдүн районунда өрт толугу менен өчүрүлдү, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан №539 турак үйдөн чыккан өрт тууралуу маалымат саат 16:31де түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинин негизинде саат 17:38де чектөөгө алынып, жакын жайгашкан турак жайларга жана башка объектилерге өрттүн жайылып кетүүсүнө жол берилген жок. Ал эми саат 18:56да өрт толугу менен өчүрүлдү, жабыркагандар жана каза болгондор жок, өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий