• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 98 чарчы метр чатыры, оор жүк ташуучу унаанын 7 даана дөңгөлөгү жана 2 даана отургучтары күйгөн. Өрт балдардын от менен шоктугунан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кагазды айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 144 чарчы метр чатыры, 400 боо пахта бакалы жана 2 куб метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Тайлан айылында аянты 16 чарчы метр сарай толугу менен жана 20 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Гүлистан айылында жыгач устундуу шифер жабылган унаа оңдоочу жайынын 28 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий