• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Велосипедчен адамды коюп кеткен депутаттын уулу мас абалында болгон

Кырсык 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Велосипедчен адамды коюп кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун 39 жаштагы Азамат Өмүркулов аттуу уулу мас абалында болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, териштирүү иштери уланууда.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 15-майда саат 22:30дар чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Porsche унаасын башкарган жаран 29 жаштагы велосипедчен кызды сүзүп кеткен.

Чогултулган материалдар Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган велосипедчен кыз милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Кошумчалай кетсек, Азамат Өмүркулов 2011-жылкы жол кырсыгынын себепкери болгон. Анда 3 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий