• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Азия Молл" соода борборунда бомба изделүүдө – милиция

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрь саат 09:40 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына “Азия Молл” соода жана оюн-зоок комплексинин имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милициядан билдиришкендей, дароо окуя болгон жерге Бишкек ШИИББнын ыкчам-тергөө тобу жана райондук башкармалыктын кызматкерлери барып, жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Учурда тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдорунун келишин күтүп жатабыз.

Пикир

Оставить комментарий