• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Маданият министрлиги жана ведомство алдындагы мекеме жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана министрликтин алдындагы мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу маселелери талкууланды, жарлыкка ылайык республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүү аркылуу маданият, искусство жана спорт тармагына 673 млн 515 миң сом бөлүнгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, бөлүнгөн каражаттар тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствону өнүктүрүүгө, маданият жана искусство уюмдарынын кадрдык потенциалын жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого, маданият тармагынын ченемдик укуктук базасын жакшыртууга жумшалат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров бөлүнгөн каражаттарды максаттуу бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалады.

“Өткөн жылдын апрель айында маданият кызматкерлеринин маянасы 100%га көтөрүлсө, кийинки жылы аларды кайра кароо пландалууда. Эң негизгиси, мамлекеттик колдоо, анын ичинде театр, музыкалык искусство жана билим берүү маданият чөйрөсүндөгү кырдаалды өзгөртө алат. Бул багыттагы чечимдер ыкчам жана эң негизгиси натыйжалуу кабыл алынышы керек”, – деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий