• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлигинин жарым жылда аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр

Өкмөт 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 1-кварталында аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы адам капиталын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы өзгөрүүлөргө токтолду.

“Президент айткандай, бир дагы кыргыз өз жеринде муктаж болбошу керек, ошондуктан эки жыл мурда мамлекеттик саясаттын багыты адамдык капиталды өнүктүрүүгө, өзгөчө калктын аялуу катмарын коргоого бурулган. Кыргызстандын жараны алдыңкы катарга коюлган”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле министрликтин бюджети 2020-жылга салыштырмалуу “дээрлик эки эсеге” көбөйгөнүн белгиледи.

“2022-жыл жана 2023-жылдын башы министрлик үчүн жемиштүү болду. Социалдык жөлөкпулдардын көлөмү көбөйтүлүп, социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында иштер жүрүп жатат”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, МинКаб төрагасы министрликтин карамагындагы көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Ал “Мекен-карт” программасынын алкагында ишти күчөтүү зарылдыгын белгилеп, бул макамды алууга жалпысынан 34 арыз түшкөнүн, бирок анын 18и гана каралып, канааттандырылганын белгиледи.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы 100 миң сомдон алган ар бир үй-бүлөнүн ишинин натыйжалуулугун аныктаган министрликтин жооптуу кызматкери бекитилишин жана анын ишин тартипке келтирүү зарылдыгын белгилеп, “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

МинКаб Төрагасы ошондой эле протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоодо заманбап технологияларды активдүү колдоно баштаган Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РПОБМ) ишин белгиледи.

Акылбек Жапаров “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан экспертизадан өтүү, кайра экспертизадан өткөрүү жана майыптык фактысын аныктоо тартибин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу айтты.

“Санариптик чечим иштелип чыкты, анын жардамы менен суралган документтердин санын он бирден экиге чейин кыскартууга мүмкүн болду. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жеңилдетүү үчүн жасалган олуттуу кадам, бирок бул чек эмес. Алдыда министрликтин маалыматтарын толугу менен санариптештирүү, анын ичинде башка тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтары менен синхрондоштуруу боюнча комплекстүү иштер турат”, – деп жыйынтыктаган МинКаб Төрагасы “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин” жана “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин” жаңы редакцияларын иштеп чыгууну, ошондой эле коллегия жыйынынын күн тартибине таянуу менен бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий