• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендеги чек ара чырынан бир адам каза тапты. Жалпы 17 киши жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Баткендеги чек ара чырынан улам бир адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 18:00гө карата Баткен облустук ооруканага дагы 5 жабырлануучу түштү. Анын бирөөсү каза болду.

“Дагы бирөө Лейлек жалпы медициналык практикалык борборуна келип түштү. Жабырлануучулардын жалпы саны 17ге жетти. Алардын бирөө көз жумду, бирөө амбулатордук түрдө дарыланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий