• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Головной” каналынын Кыргызстанга таандык экенин далилдеген бардык документтер бар – Сокеев

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. “Головной” суу бөлуштүрүүчү каналы Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин директору Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтымында, “Головной” түзүмү 1970-жылы курулган

“1970-жылдан тартып кыргыз тарап тузүмдү өзү тейлеп келет. Бардык чыгымдарды биз көтөрөбүз. “Головной” дайыма Кыргызстандын аймагында болуп келген. Объект Баткен суу чарба башкармалыгынын балансында турат”,-деди ал.

Сокеев Кыргызстанда суу бөлуштүрүүчү каналдын таандыгын далилдеген бардык документтер бар экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий