• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Осмонова: Айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60% жетти

Коом 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстангы көмүскө экономиканын деӊгээли 35-40% түзөт. Ал эми айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60 пайызга жетти. Бул тууралуу депутат Айнура Осмонова парламенттин жыйынында билдирди.

Демек, мамлекеттик бюджетке канча каражат түшпөй калууда?, деп кайрылды депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев биздеги көмүскө экономиканын деӊгээли 24% түзө турганы жөнүндө маалымат бар экенин билдирди.

"Бирок, менин оюмча, көмүскө экономиканын деӊгээли андан жогору. Экономика тармагын санариптештирүү алардын оодук бөлүгүн ачыкка чыгарат болуш керек. Азыр бул багытта жүргүзүлө турган иш-чаралардын коцепциясы даяр. Анда Кытай, Россия, Казакстан өӊдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынды", - деди премьер.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин бүгүн, 25-апрелде өтүп жаткан жыйынында кечээ угула баштаган өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угуу жол-жоболору улантылууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий