• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө айдоочу жолдо жаткан адамды тебелеп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө айдоочу жолдо жаткан адамды тебелеп кеткен, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылында жолго жатып алган 56 жаштагы М.А. аттуу жаранды Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу тебелеп кеткен. Жолдо жаткан адам алган жаракаттан улам жеринде каза болгон.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, унаанын астынан маркумдун сөөгүп чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий