• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жабыркаган 19 адамдын алтоо реанимацияда: Баткендеги адам өмүрүн алган жол кырсыгы

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.18. / Кабар/. Баткен облусунда эки кичиавтобустун катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 19 адам жабыркаган, учурда алар Баткен облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, жол кырсыгынан кийин 22 адам оруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө алардын 3нө амбулатордук дарылануу дайындалган, калган 19у жатып дарыланууда.

“Жандандыруу бөлүмүндө алты адам жатат, дарыгерлердин айтымына караганда төртөөнүн абалы абдан оор. Калгандарынын абалы орточо деп бааланууда. Жаракат алгандардын арасында үч өспүрүм бар”, - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-октябрда болжол менен саат 14:40тар чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 284-чакырымында жол кырсыгы катталган.

Баткен районунун Ак-Татыр айылынын аймагында "Mercedes-Benz Sprinter" үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.

Пикир

Оставить комментарий