• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек – Ош жолунда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0


Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолундагы Александровка айылында бүгүн, 13-апрелде болжол менен саат 15:00дө Хонда Стэпвагон, «Форд транзит», «Лексус» жеңил автоунаасынын жана маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын натыйжасында «Форд» унаасынын эки жүргүнчүсү жабыркаган.

Учурда жеринде тиешелүү кызматтын кызматкерлери иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий