• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады – видео

Кырсык 0


Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө болжол менен 13:50лөр чамасында BMW жана Toyota унаалары кагышкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, BMW унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, алар ооруканага жеткирилген.

Эки унаа тең айып жайга киргизилип, окуянын себептери иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий