• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 275-чакырымында “Audi-80” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 12 чарчы метр чатыры жана жалпы аянты 40 чарчы метр болгон гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында турак үйдүн 10 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Ак-Тилек базарында жалпы аянты 80 чарчы метр болгон 5 дүкөн толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий