• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда суу сактагычка түшүп кеткен 27 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кара-Суу районунда Кемпир-Абад суу сактагычына түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 12 куткаруучу жана Ички иштер министрлигинин 3 кызматкери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-июнда саат 15:50лөр чамасында суу сактагычка 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Издөө-куткаруу иштерине Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 даана АСМ куткаруу авто унаасы менен 3 куткаруучу жана 9 суучул- куткаруучу тартылып, издөө иштери натыйжа берген эмес. Кеч киргенине байланыштуу саат 21:25те издөө куткаруу иштери убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий