• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Бишкекте 16-апрелде болжол менен саат 10:40тар чамасында Чыгыш автобекетинин аймагындагы дааратканадан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган.

“Кабар” агенттигине Свердлов райондук миилциясынан билдиришкендей, жерине ыкчам-иликтөө тобу барып, ымыркай эркек бала экендигин жана бойдон түшүп калгандыгын аныкташкан.

Аталган факт Свердлов райондук милициясынын маалыматтык каттоо журналына катталды. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий