• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Өтмөк ашуусунда "МАЗ" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-март күнү болжол менен саат 18:53тө болгон.

Жол кырсыгынан айдоочу жабыркап, куткаруучулар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин ал Суусамыр өрөөнүндөгү ооруканага жеткирилген.

Учурда айдоочунун абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий