• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзүнө өрт койгон жаран каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бишкекте өзүн-өзү өрттөгөн жаран ооруканада каза болду. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Мурдараак маалымдалгандай, 1979-жылы туулган үй-жайсыз А.Р. аттуу жаран өзүнө өрт коюп, денесинин 80 пайызы күйгөн. Ал оор абалда Тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Белгиленгендей, аталган жаран өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган.

Пикир

Оставить комментарий