• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги мугалим жана окуучулардын митинги. Мектептин мугалимдер курамы таркатылды

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын мугалимдер жамааты толугу менен таркатылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 17-апрелде социалдык тармактарда А.Каниметов атындагы гимназия-интернатынын окутуучулар курамы жана окуучулары жаңы директорго каршы митингге чыкканы тууралуу видео тараган.

Бишкек шаардык мэриясы окуяга комментарий берип, тамак-аш берүүдөгү кемчиликтер, кадрдык жана уюштуруучулук иштерге бирдей мамиленин жоктугу жана мектептин аймагындагы эки кабаттуу муниципалдык имаратты өзүм билемдик менен басып алууга байланыштуу аталган окуу мекемесинин директору кызматтан алынганын билдирген.

Мындан тышкары, Тоголок Молдо атындагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн №71 орто мектеп-интернатына бириктирүү жолу менен №1 гимназия-интернатын кайра уюштуруу жана аны "Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси" деп өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республиканын билим берүү системасынын актуалдуу маселелери боюнча кеңешмеде бул билим берүү мекемесинде болуп өткөн окуяны катуу сынга алган.

Пикир

Оставить комментарий