• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеште Атыр Абдрахматованын отставкасы тууралуу маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары 19-апрелдеги жыйындын жүрүшүндө акыйкатчы Атыр Абдрахматованын отставкасы тууралуу маселени көтөрүп чыгышты.

Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы киргизген, бирок ага эмне себеп болгондугу айтылган жок. Аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү акыйкатчынын 2022-жылга карата Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын укту.

Кошумчалай кетсек, акыйкатчынын баяндамасы буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, эске алуу чечими кабыл алынган. Бирок Жогорку Кеңештин жыйынында аталган чечим четке кагылды.

Пикир

Оставить комментарий